Биз менен байланышыңыз

«Салык чек» лотереясынын ээлерине ID-номерлерди ыйгаруу токтотулду

Кыска кабар | 26 Июн 2023 | 573 | 0

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын шарттарына ылайык, байгелер ойнотулуучу күндөрү ID-номерлерди ыйгаруу убактылуу токтотулат.

Бирок лотереянын катышуучулары кассалык чектерди сканерлөөнү улантат. 

Утушка жалпы суммасы 6,1 млрд сомду түзгөн 6 млн 29 миң 756 ID-билет менен 233 миңден ашуун адам катышууда.

26-июндан 30-июнга чейин сканерден өткөн кассалык чектерге ID номерлер 1-июлда башкы байгени утууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериш үчүн 30-июндан 1-июлга караган түнү ыйгарылат.

26-июндан 30-июнга чейин 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана «Дайсон» маркасындагы 20 фен ойнотулат. Тактап айтканда, күн сайын 234 адам баалуу байгелердин ээси болушат.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы 14:00.

Негизги иш-чара 1-июлда «Ала-Тоо» аянтында өткөрүлүп, 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат. Утуштар шоу-концерт менен коштолот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM