Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети: «Чет элдик агент» мыйзам долбоору күн тартибинен алынды

Кыска кабар | 26 Июн 2023 | 231 | 0

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 27-июнда боло турган жыйынынын күн тартибинен «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун алып салышты.

Буга чейин аталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралары кабарланган.

Жогорку Кеңеш 30-июнда каникулга чыгат. Конституциянын 77-беренесине жана Жогорку Кеңештин регламентинин 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары сентябрдын биринчи жумуш күнүнөн башталат.

2022-жылы «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова 2016-жылы каралып, колдоо таппай калган бейөкмөт уюмдарга «чет элдик агент» макамын берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун кайрадан демилгелеген.

Документте бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик каттоону жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган.

Мыйзам долбооруна демилгечи болгон топтон бир катар депутат чыгып кетти.

Copyright © 2017 Maral FM