Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө коррупцияны алдын алууда коомдук уюмдардын ролу белгиленди

Кыска кабар | 23 Июн 2023 | 285 | 0

Бүгүн, 23-июнда Бишкекте «Коррупцияны алдын алууда коомдук уюмдардын ролу» аттуу иш-чара болуп өттү.

Анын максаты — коррупциянын алдын алууда коомдук уюмдардын ролун, коррупцияга каршы мониторинг жана социалдык аудит жүргүзүүдө коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн потенциалын өстүрүү болуп саналат.

Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысынын орун басары Замир Айылчиев иш-чарага өлкөнүн бардык облусунан коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышканын билдирди.

Айылчиевдин айтымында, катышуучулар коррупцияны алдын алууда коомдук уюмдардын ролу жана алар колдоно ала турган куралдар менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

«Мамлекеттин приоритеттүү багыттарынын бири – сапаттуу кадрларды даярдоо. Буга байланыштуу кадрлардын билим потенциалын жогорулатуу максатында бүгүнкү иш-чара уюштурулду.  

Биз 2023-2025-жылдарга коррупцияны алдын алуу боюнча мамлекеттик стратегияны даярдап жатабыз. Азыркы учурда 90%ы бүтүп калды. Анда коомдук уюмдардын ролу, алар бизге канчалык салым кошо алары туурасында да жазылган. Мындан сырткары өнүккөн мамлекеттердин коррупция менен каршы күрөшүүдө практикасын Кыргызстанда колдонуу боюнча сунуштамалар каралган».  

Иш-чара президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын финансылык колдоосу менен уюштурулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM