Connect with us

«Вагнер» аскердик техникасы зыян келтирген жолдор оңдолууда

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2023 | 738 | 0

Орусиядагы «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин тобу Ростов-на-Дону шаарынан чыккандан кийин окуя болгон жерге жол кызматтарынын адистери барышкан.

Шаар мэринин Телеграм-каналдагы маалыматына караганда, адистер аскердик техникалар өткөн жолго изилдөө жүргүзүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, жолдун 10 миң чарчы метрден ашык аянты жабыркаган, Буденновский проспектиси эң көп жабыр тарткан. Бузулган жолдун бөлүктөрү бүгүн оңдолору айтылды.

24-июнь күнү эртең менен «Вагнерчилер» Ростов-на-Донудагы аскердик объектилерди көзөмөгө алганы жарыяланып, Москвага бет алышканы белгилүү болгон.

Орусиянын федералдык кызматы Евгений Пригожинге каршы куралдуу козголоң уюштурган деп кылмыш ишин козгогон.

24-июндун кечинде Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүү жүргүзүп, «вагнерчилердин» куралдуу кыймылын токтотууга келишишкен. Ошол эле кечте «Вагнердин» жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарынан чыгып кете баштаган.

Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков макулдашууга ылайык, Евгений Пригожин Беларуска барарын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM