Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 26-июнга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын көпчүлүк аймагында өткүн өтүп күн күркүрөйт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Таластын тоолуу райондорунда өткүн өтүп күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27.
Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +31…+33 градус болот.