Биз менен байланышыңыз

Акын Гүлжамила Шакирова дүйнөдөн кайтты

Кыска кабар | 25 Июн 2023 | 1586 | 0
Сүрөт: Түрксой

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, УТРКнын кыргыз радиосунун баяндамачысы, акын Гүлжамила Шакирова 68 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Акын Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында 1955-жылы 28-декабрда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык Кыргыз тили коомунун «Эне тил» гезитинде кабарчы, 1993-жылдан тарта Кыргыз радиосунда адабий редакцияда программаларды даярдап эфирге чыгарган.

Гүлжамила Шакированын 30дан ашык ырларына обон чыгарылып, кыргыз радиосунун алтын казынасына алынган.

Уктурууларды даярдоодогу артыкчылыгы үчүн «Мыкты журналисти» диплому, 1996-жылы «КТРдин отличниги» төш белгиси менен, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Коопсуздук комитетинин 70 жылдык салтанатында «Ата журтка ак кызмат» аттуу ыры гимн катары кабыл алынып, президенттин коопсуздук комитетинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган.

Copyright © 2017 Maral FM