Биз менен байланышыңыз

Электр самокатты туура тебүү боюнча түшүндүрүү жүргүзүлдү

Кыска кабар | 25 Июн 2023 | 336 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкектеги «Ынтымак 2» сейил багында эс алып жүргөн жарандарга жол кыймылынын эрежелерин эскертип, кырсыктардын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Анда жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери боюнча атайын даярдалган видео тасма коюлуп, ошонун тегерегинде талкуулар уюштурулду.

Парктын ичинде велосипед, электр самокат менен жүрүүдө кокустуктар болуп кетпеши үчүн да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Акыркы убакта электр самокатын тепкендер тарабынан жол эрежелери бузулганы боюнча нааразылыктар айтылып жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бул боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкканын айткан.

«Самокаттын айдоочулары жөө жүргүнчүлөргө жол бербейт, бул мыйзам бузуу болуп эсептелет. Мыйзам долбоорунда биз негизги учурларды жаздык, «электр самокат деген эмне, алар кайда жүрүшү керек, кандай учурларда унаа жолуна чыга алат, кырсык болгон учурда эмне кылуу керек», ошондой эле «түн ичинде милдеттүү түрдө чагылдыруучу элементтерди колдонуу керек» деген пункттарды киргиздик. Мыйзам долбоору жакында коомдук талкууга коюлат. Сентябрда кабыл алынып калат деп ойлойм. Ички иштер министрлиги менен бирге иш алып барабыз», — деди депутат.

Мыйзам долбооруна ылайык, эреже бузгандарга айып салынары каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM