Биз менен байланышыңыз

Орусиянын Коргоо министрлиги: «Вагнер» жоокерлери жаңылып калганын түшүнүштү

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июн 2023 | 988 | 0

Орусиянын Коргоо министрлиги «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын штурмдук отрядынын согушкерлерине кайрылып, алар Евгений Пригожиндин кылмыштуу авантюрасына алданып калганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

«Вагнер жеке аскердик компаниясынын штурмдук отряддарынын жоокерлерине кайрылабыз. Сиз Пригожиндин кылмыштуу авантюрасына жана куралдуу көтөрүлүшкө катышууга алданып калдыңыз. Сиздердин көптөгөн жолдошторуңуз туруктуу жайгаштырылган жерлерине аман-эсен кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн жардам сурап кайрылып, жаңылыштыктарын түшүнүп атышат. Биздин тараптан мындай жардам буга чейин бардык согушкерлер менен командирлерге берилген», — деп билдиришти ведомстводон.

Мекеме «Вагнердин» жоочуларын этият болууга жана Коргоо министрлигинин же укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен мүмкүн болушунча тезирээк байланышууга чакырышты.

Евгений Пригожиндин Ростов-на-Дону шаарындагы түштүк аскер округунун штабында жазылган видеосу жарыяланып, анда ал Ростов шаарын көзөмөлгө алганын, мындан ары Москвага чейин барарын билдирген.

Буга чейин Москва шаары жана Москва облусунун аймагына болушу мүмкүн делген терактыларды алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM