Биз менен байланышыңыз

Беш айда Wildberriesде 57 млн долларлык кыргыз товары сатылды

Кыска кабар | 24 Июн 2023 | 361 | 0

Быйыл беш айда “Wildberries” Кыргызстанда өндүрүлгөн 5 млрд. рублдан ашык (57 млн. доллар) өнүмдөрүн сатты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигшинен билдиришти.

Аталган маркетплейстин жетекчиси Татьяна Бакалчук Кыргызстанда тигүү тармагынын өнүгүүсүндөгү ийгиликтерди белгиледи. Ошондой эле, кыргызстандык ишкерлер өндүрүштү гана эмес, электрондук базарлар аркылуу соода жүргүзүүнүн жолдорун да активдүү өздөштүрүп жатканын айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Татьяна Бакальчуктун жолугушуусунда, Бакалчук Кыргызстандагы жеңил өнөр жайдын өнүгүшүнө жогору баа берип, кыргыз өндүрүшүнүн товарлары «Вайлдберризде» өзгөчө орунду ээлегендигин белгиледи.

“Кыргызстандын өкмөтү чакан бизнести өнүктүрүү үчүн абдан жагымдуу шарттарды түзүп жатат, бул жеңил өнөр жайынын уникалдуу кластери. Айрыкча үйдө отурган кыз-келиндер тигүүчүлүктү гана үйрөнбөстөн, жасаган буюмдарын сатып, сооданы дагы үйрөнүшкөнү кубандырат. Бул абдан чоң иш”, — деди Татьяна Бакальчук.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM