Биз менен байланышыңыз

Баткендеги кагылышта жабыркаган ишкерлердин насыясы жоюлду

Кыска кабар | 24 Июн 2023 | 121 | 0

Президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам 2023-жылдын 24-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

«Мыйзам 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан жана Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 115 «2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык берилген бюджеттик кредиттер боюнча карызды эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салат», — деп айтылат маалыматта.

Мыйзамда 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттеринин бюджеттик кредиттер боюнча берилген карыздары, анын ичинде бул мыйзам күчүнө кирген учурга карата болгон карыздын негизги суммасын, пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана финансылык санкцияларды эсептен чыгаруу каралганы жазылды.

Copyright © 2017 Maral FM