Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы 150дөй айылга өзгөчө макам берилет

Кыска кабар | 24 Июн 2023 | 130 | 0

Кечээ, 24-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында кезектеги жыйында өлкөнүң айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү маселеси каралды.

Документке ылайык 150нүн тегерегиндеги айылга өзгөчө макам берилет. Ал мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүгө дем берүү, чек ара аймактарында жашаган калктын турмуш шарттарын жакшыртуу, чек ара аймактарындагы калктын арасында ички миграцияны токтотуу максатын көздөйт.

Ошондой эле бул чечим менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак жана Сарай айыл аймактарында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлерге өнөр жай жана өндүрүштүк объекттерди жайгаштыруу категориясына которуу кабыл алынды.

Маселен, Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан 1,40 га жерге индустриалдык-логистикалык борбор курулат. Долбоорго ылайык, аталган борбор «Достук» чек ара өткөрмө аймагынан 0,86 км аралыкта жайгашат жана анда кампа имараты, көмөкчү чарбалары бар имарат, унаа токтоочу жай, трансформатордук подстанциянын курулуштары каралган.

Бул багытта Акылбек Жапаров инфраструктуралык долбоорлор үчүн жерлерди трансформациялоо иштери кылдат жана мыйзам алкагында жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Министрлер Кабинетинин дагы бир чечими менен Кыргызстандагы канаттуулар жана асыл тукум чарбалары үчүн ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошумчаларынын каттоосун жөнөкөйлөтүү кабыл алынды. Тагыраак айтканда, Орусияда катталган ветеринардык дары-дармек каражаттары ЕАЭБ мамилекеттеринде таанылат жана сатып алуучунун мамилекетинде кошумча мамлекеттик каттоо талап кылынбайт.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө башкаруу түзүмүн өркүндөтүү жана финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, иштин натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу жана контролдоо системасын күчөтүү максатында “Кыргыз деңизи” мамлекеттик ишканасы түзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM