Биз менен байланышыңыз

Жаңы мыйзам долбоору: Калктын документ алуусу, кеңеш суроосу жеңилдейби?

Коом | 23 Июн 2023 | 372 | 0

Бүгүн, 23-июнда Бишкекте «Коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун негиздери жөнүндө» мыйзамдын долбоорун талкуулаган жыйын өттү. Мыйзам кабыл алынса, мамлекеттик мекемелердин иштери электрондук тартипке өтүп, калктын документ алуусу, кеңеш суроосу, кызматкерлерге кайрылуусу сыяктуу маселелерин жеңил жана ыкчам бүтүрүүсүнө шарт түзүлөт. 

«Коомдук кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун негиздери жөнүндө» мыйзам долбоорунун максаты калкка кызмат кылуу шарттарын жеңилдетүү болуп саналат. Тактап айтканда, долбоордо мекеме-уюмдардын калкты тейлөө механизмдерин замандын талабына, дүйнөлүк стандарттарга ылайык, ошол эле учурда жалпыга түшүнүктүү жана жеңил формага өткөрүү эрежелери камтылган.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов мындай мыйзам менен жарандар керектүү документ, маалымкаттарды тез жана жеңил ала аларын билдирди.

«Эгер буга чейин жаран бир уруксат кагазын алуу үчүн 5-6 мамлекеттик ишканага барса, азыркы учурда биз жаңы шарттарды түзүп жатабыз, ага ылайык жаран бир жерге барып, ошол жактан баарын бүтүрүп алат. Мисалы, эгерде сиз электр кубаттоочу жай курам же бала бакча ачам десеңиз, толтура кагаз, документ алуу үчүн бир топ мамлекеттик ишканага чуркайсыз. Ал эми бул мыйзам менен бир эле жерге барып, сизге керектүү нерселердин баарын аласыз».

2014-жылы «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Тилекке каршы, мыйзамдын көп ченеми ишке ашпай калган. Тагыраагы, айыл өкмөттөрдүн бир топ кызматы ошол мыйзамга кирбей калган. Мисалы, таштанды чыгаруу, таза суу менен камсыз кылуу, жол оңдоо, жарыктандыруу сыяктуу тейлөөлөр.

Сунушталып жаткан мыйзамда элге керектүү кызмат көрсөтүүлөрдүн баары камтылганын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору Бектурган Орозбаев айтты.

«Биз ушул жаңы мыйзам менен баарын камтып, андан сырткары бөлүштүрүп жатабыз, административдик кызматтарга кайсы тармактар кирет, чарбалык, санариптик, консультациялык кызматтар деп так бөлүштүрүп жатабыз. Бул жерде эң негизгиси «Адам чуркабастан, ага кызмат өзү келиши керек» деген принцип менен иштеп жатабыз».

Долбоор менен коомдук кызмат көрсөтүү чөйрөсүн башкаруунун ырааттуу системасын түзүү сунушталып жатат, мындай системада башкаруунун ар бир жеке тараптын бул багыт боюнча так милдеттери болот.

Мыйзам долбоору тейлөөнүн негиздерин уюштуруу системасына басым жасайт, бул болсо кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүп, аны керектөөчүгө жеткирүү функцияларын так бөлүштүрүүнүн стратегиялык алкагына туура келет. Ошентип, ар кандай механизмдер аркылуу кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүп, бул процесске субъекттердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде мамлекеттик-жеке же муниципалдык-жеке өнөктөштүк уюмдарын киргизүү үчүн ченемдик алкак түзүлөт.

Мыйзам долбоорун даярдоодо эскперттик топтун мүчөсү Жалалбек Балтагулов эми калктын сапаттуу жашоосуна керектелген нерселер «бирдиктүү терезе» принциби аркылуу ишке ашарына токтолду.

«Мыйзам эл үчүн жазылган. Бардык мамлекеттик органдар «бирдиктүү терезе» принциби менен иштейт. Азыр бизде кандай, мисалы, Ош облусундагы Алай районунун тургунуна «соттолбогондугу тууралуу маалымкат» керек болсо, аны алуу үчүн ал Оштун борборуна, ички иштер башкармалыгына барып алуусу зарыл, дагы эки-үч күн күтүшү керек болуп калат. Бул туура эмес, мындай болбошу керек. Эл үйүнөн эле электрондук кызматтар аркылуу интернет менен кирип алгандай болушу зарыл».

Мыйзам долбоорун Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте USAIDдин «Ийгиликтүү аймак-2» программасынын алкагында даярдаган.

Copyright © 2017 Maral FM