Биз менен байланышыңыз

Баку-Бишкек багыты боюнча аба каттам ачуу пландалууда

Кыска кабар | 23 Июн 2023 | 148 | 0

15-июлдан тарта азербайжандык AZAL авиакомпаниясы Азербайжандын борбору Бакудан Бишкекке үзгүлтүксүз каттамдарды ачууну пландаштырууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Каттамдар жумасына 1 жолу – ишемби күндөрү жүргүзүлөт.

Авиабилеттерди www.azal.az расмий сайтынан, ошондой эле авиакомпаниянын мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот.

Баку шаарынан Бишкекке түз аба каттамдары ачылары тууралуу кептер 2019-жылдан бери айтылып келген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM