Биз менен байланышыңыз

Жер ортолук деңизинде кеме кыйрап, 200дөн ашык пакистандык каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июн 2023 | 418 | 0

Жер ортолук деңизинин Грекияга жакын жээгинде 209 пакистандык сууга чөгүп өлдү. Бул тууралуу Reuters агенттиги Пакистандын Федералдык тергөө агенттигине шилтеме кылып жазды.

Өткөн жумада жүздөгөн мигрант бараткан чакан кеме ачык деңизде көмкөрүлүп, чөгүп кеткени кабарланган.

Каза болгон мигранттардын жакындарынын айтымында, узундугу 20-30 метрлик кеме менен 400гө жакын киши Ливиядан Грекияны көздөй бараткан.

Буга чейин кырсыкка кабылган кемедеги жүргүнчүлөрдүн 181и пакистандык, дагы 28и Кашмирден экени кабарланган. Медиктер 200дөн ашык үй-бүлөнүн генетикалык үлгүлөрүн чогултканы айтылды.

Африканын түштүгүндөгү жакырчылыктан, Жакынкы Чыгыштагы туруксуздуктан улам Европага жетүүнү самап, мыйзамсыз, талапка жооп бербеген кайыктарга түшкөн миңдеген мигранттар көбүнчө Ливия аркылуу ушул деңиз жолун тандашат.

Эл аралык уюмдар жыл сайын бул жолдо жүздөгөн мигрант сууга чөгүп өлөрүн маалымдап келет.

Акыркы жылдары мынчалык көп киши өлгөн трагедиялык окуялар Жер ортолук деңизинде катталган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM