Биз менен байланышыңыз

«Сары-Челек» коругуна барган жолго асфальт төшөлөт

Кыска кабар | 23 Июн 2023 | 334 | 0

Жалал-Абад облусундагы «Сары-Челек» коругуна барган жол оңдолуп, асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтуусунда, уникалдуу, кооз табияты менен таанылган Сары-Челектин жолу жылына кеңейтилип, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келет.

«Өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте инфраструктураны жакшыртып, жаратылышы керемет жети дубанды көрүүгө келген конокторго жакшы шарт түзүү маанилүү. Мындан улам мамлекет жетекчисинин демилгеси менен айыл аралап, асман тиреген тоолордун койнунда мелтиреп жаткан көлүбүзгө барчу жолго асфальт төшөө пландалууда», – деди министр.

Жала-Абад облусунун Аксы районунун аймагындагы Сары-Челек биосфералык коругунун аянты 24 миң гектарды түзөт. Анын 1600 гектар жери жаңгак багынан турат. Сары-Челектин кооздугун, табигый шартынын ар түрдүүлүгүн, өзгөчө өсүмдүктөрдүн, айбанаттардын, алардын чарбалык жана илимий жактан баалуулугун эске алып, бул аймактын табиятын сактоо үчүн 1959-жылы Сары-Челек биосфера коругу уюшулган.

Сары-Челек коругунда жаныбарлардын 40тан ашык, канаттуулардын 150дөй түрү мекендейт. Алардын жана өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү «Кызыл китепке» кирген.

2016-жылы корук ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM