Биз менен байланышыңыз

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйү 6-августка чейин жабылды

Кыска кабар | 23 Июн 2023 | 281 | 0

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйү убактылуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы перинаталдык борбордун имаратын Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнө кошуу максатында жана эски имаратты оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу ушул жылдын 6-августуна чейин жабылат.

Мындан улам Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрү жана Чүй облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмү Бишкек шаарындагы кош бойлууларды, төрөт учурундагы, төрөгөн аялдарды бекитилген графикке ылайык кабыл алууну камсыздайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM