Биз менен байланышыңыз

Президенттин мамлекеттик кызматкерлердин күнүнө карата куттуктоосу

Кыска кабар | 23 Июн 2023 | 281 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда мамлекеттик түзүлүштүн туруктуу өнүгүшүндө жана калкка кызмат кылууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгеги зор экендигин белгилеп, бекем ден соолук, берекелүү өмүр каалаган.

«Бүгүнкү күндө кадр маселеси өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда. Мамлекеттин маанилүү багыттарынын бири катары кадр саясатындагы ачык-айкындыкты камсыз кылуу, элдин ишенимин арттыруу жаатында кадрларды түзүлгөн резервден дайындоо, ротация кылуу сындуу алгылыктуу чаралар көрүлүп келе жатат.

Үстүбүздөгү жылы коомго ак ниет кызмат кылууга, мамлекеттин алдына коюлган милдеттерди аткарууга багытталган натыйжалуу кесипкөй кадрдык аппаратты түзүү максатында 2023-2025-жылдары кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясы кабыл алынып, ишке кирди», — деп айтылат куттуктоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM