Биз менен байланышыңыз

Бир водовоз суу 3000 сом. Жаңы конуштардагы суу көйгөйү курч бойдон турат

Саясат | 22 Июн 2023 | 723 | 0

Бишкектин айрым конуштарында таза суу маселеси чечилбей турат. Жергиликтүү тургундар бир канча күндөн бери таза суу тартыштыгын жоюуну башкалаанын жетекчилигинен талап кылууда. Көйгөйдү чечүү максатында мэрия атайын штаб түздү. Муну менен катар учурда конуштарга суу график менен берилип, андан тышкары атайын унаалар менен да жеткирилүүдө.  

Сейдалы Осмонов Бишкектин четиндеги Селекционное конушунда турат. Ал эки айдан бери таза суу жок экенин айтты. Ошондой эле унаа менен ташылган суу толук жетпесин, ал да бекер берилбей, сатылып жатканын кошумчалады.

«Жыйырма жылдан бери суу көйгөйү чечилбейт. Биз бул маселени чечүү үчүн таза суу департаментинин мурунку башчысына көп кайрылганбыз. Ал: «Эгер Баш-Кара-Суу тосмосу бүтсө, толук суу менен камсыз болосуңар», — деген. Мен бул жаатта көптөн бери активист катары да жүрөм. Аталган тосмонун бүткөнүнө он жылдан ашты. Суу берилген жок. Айрыкча быйыл аябай тартыш болуп жатат. Май айындагы майрам күндөрү он күндөй суусуз калдык. Бир тамчы суусу жок калдык. Водовоз менен сууну берип жатышат. Бир көчөгө кирет, экинчисине кирбейт. Толук баарына берилбей жатат. Бир водовоз сууну 3000 сомго сатып жатыптыр. Бекер бербей сатып жатат. Эки үй 1500ден чыгарып, бөлүп алып жатышыптыр».

Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Арча-Бешик, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Селекционное жана Орок конуштарында таза суу маселеси чечилбей жатат.

Ленин районунун акиминин орун басары Бакыт Караев аталган конуштардагы суу тартыштыгын чечүү үчүн жаңы скважина куруу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, азыркы күндө аталган конуштарга график менен суу берилип, ошондой эле водовоздор менен да суу таратылып жатат.

«Азыркы учурда Арча-Бешик конушунда суу аябай тартыш болууда. Азыр ал жакка графиктин негизинде берип жатабыз. Мындан сырткары водовоздор менен да элди камсыздап жатабыз. Азыркы учурда саат 10дон 3кө чейин, 3төн 8ге чейин водовоздор менен таратылууда. «Тазалыктын» жана «Бишкек суу чарба» башкармалыгынын водовоздору менен берип жатабыз. Селекция, Орок жана Арча-Бешикте суу тартыштыгы жаралууда. Акыркы күндөрү аба ырайы да таасир берип, суунун басымын көбөйтүп, ошол менен да камсыз кылуудабыз».

Азыркы учурда Арча-Бешик конушунда таза суу маселеси канчалык чечилгени тууралуу жергиликтүү тургундардан сурадык.

Аталган конуштун жашоочусу Айнура Эрикбек кызы таза суу дагы деле тартыш экенин, график менен берилген суу да аз чыгып жатканын айтты.

«Суу баягы күнү кечинде берилип жаткан. Кечээ күнү өчкөн жок. Өткөндө 3-4 күндөп өчүп калып жаткан. Водовоз менен суу таратканын деле байкаган жокмун. Анткени эртең менен жумушка кетип, кечинде келебиз. Эл чогулуп чыккандан кийин деле суу берилген жок. Анан 3-4 күндөн кийин бериле баштады. Бирок аз эле чыгып жатат. Ар кандай убакта чыгып жатты. Ал эми водовоз менен ташыганын такыр көргөн жокмун».

«Кыргызленд» экспортчулар жана импортчулар ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова өлкөдөгү суу тартыштыгын кандай жолдор менен чечүү керектигин сунуштады.

«Суу боюнча стратегия ачык, суунун жоопкерчилигин ким алары так болушу керек, кайсы бир ассоциация жетектебеши кажет. Ошондой эле кайсы бир ассоциациянын эркинде калтыруу да туура эмес. Суу пайдалануучулар ассоциациясын алып караганда, ал — кайсы бир топтордун гана биримдиги. Ошондуктан бир ассоциациянын колуна таштап койбоо керек. Миллиарддаган акчалар, ирригацияга бөлүнгөн каражаттар максаттуу түрдө колдонулушу зарыл. Бөлүнгөн акчалар бүгүнкү күндө кайда кетти? «Сууга жумшалып жатат» дешет. Анда эмне үчүн ушул убакка чейин суу көйгөйү чечилбей жатат».

Июнь айынын башында борбордо суу тартыштыгынан улам көп көлөмдөгү суу керектелген жеке мончолор, унаа жуучу жайлар жана бассейндер убактылуу жабылган. Мындан тышкары бир канча конушка суу берүүдө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Шаардын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев Бишкекте «Баш-Кара-Суу» суу тосмосунун жанынан төрт гектар жер, «Сельский» суу тосмосунун жанынан 3 гектар жер, «Контррезервуар» суу тосмосунун жанынан 4 гектар жер керек экенин айткан. Бир суу кампа курууга болжол менен 150 милилондой сом сарпталат, жалпысынан 500 миллионго жакын сом талап кылынат.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 8-июндагы кезексиз жыйынында Бишкек шаардык мэриясынан суу алуучу жайдын курулушуна 150 миллион сом бөлүү сунушун колдогон.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акыркы эки жылда өлкөдө суу тармагына 2 млрд сомго чейин каражат бөлүнгөнүн, анын ичинде техникага 1,2 млрд сомго чейин каралганын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM