Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Тышкы саясаттагы негизги багыт — Европа

Кыска кабар | 22 Июн 2023 | 243 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-июнда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Ал сүйлөшүүлөр конструктивдүү негизде, достук маанайда болгонун белгилеп, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык алаканы бекемдөө тууралуу сөз болгонун айтты. Акыркы жылдары өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү эки жарым эсе өскөн.

Жапаров мындан ары да тышкы соода жүгүртүүнү көбөйтүү маселелерине өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

«Ошол эле учурда биздин өлкөлөрдүн ортосунда ишке ашпай келген чоң потенциал бар.  Мен Штайнмайер мырзага аны ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттерди жасоону сунуштадым. Мурдагыдай эле тышкы саясаттагы башка негизги багыт болуп Кыргызстандын Европа Биримдиги менен кызматташуусу саналат. Бул да биздин сүйлөшүүбүздүн темасы болду.

Акыркы жылдардагы динамика Борбор Азия аймагынын мааниси өсүп жатканын көрсөтүүдө. Кыргызстан ар дайым ачык регионалдык кызматташтыкты жактап келген жана ушул принципти карманууну улантууда», — Жапаров.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келди, ал президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, кызматташуу тууралуу сүйлөшүү жүрдү.

Copyright © 2017 Maral FM