Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Эдил Байсаловдун отставкасын карашат

Кыска кабар | 22 Июн 2023 | 276 | 0

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун отставкасын кароо маселеси күн тартибине кирди.

Мындай сунушту «Ишеним», «Ата журт-Кыргызстан», «Мекенчил» депутаттык тобу берген. Маселени күн тартибине киргизүүгө 61 депутат «макул», бирөө «каршы» болду.

Парламенттин 21-июндагы жыйынында да бир катар депутаттар Эдил Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрүшкөн. Айрымдары кызматтан алынышын талап кылышкан.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Байсаловдун депутаттардын дарегине айткан сөздөрү көз жаздымда калбай турганын, анын Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирүүгө укугу жок экенин, Байсаловдун кызмат абалын кароого убакыт келгенин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM