Биз менен байланышыңыз

23-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 22 Июн 2023 | 315 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 23-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +32…+34 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM