Биз менен байланышыңыз

ЖК «Билим берүү жөнүндө» бириктирилген мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду

Кыска кабар | 22 Июн 2023 | 360 | 0

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында «Билим берүү жөнүндө» бириктирилген мыйзам долбоорлору каралып, экинчи окууда колдоо тапты. Жыйынга катышкан 82 депутаттын 63ү долбоорду колдоду.

«Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары. Ал министрлик сунуштаган долбоор менен бириктирилген.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү, жеке бала бакчаларды ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгаруу демилгеленген.

2021-жылы мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинин, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер кирген. Бул жумушчу топ «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууга киришип, бирок жарандык коом менен министрликтин ортосунда пикир келишпестик орун алып, эки долбоор жазылган.

Жарандык коом депутаттар менен биргеликте иштеп чыккан мыйзам долбоору буга чейин бир канча жолу коомдук аянтчаларда талкууланган.

Демилгечилердин бири депутат Жанарбек Акаев маалымдагандай, мыйзам долбоорлору бириктирилгенден кийин талкуулар уюштурулуп, консенсус менен кайра сунушталууда. Депутаттар кат жүзүндө берген сунуштары да эске алынды.

Copyright © 2017 Maral FM