Биз менен байланышыңыз

Депутаттык комиссиянын Мадумаров боюнча корутундусу бүгүн чыгат

Кыска кабар | 22 Июн 2023 | 646 | 0

Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүн корутунду чыгарат.

Депутаттык комиссияга Гуля Кожокулова, Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова, Миргуль Темирбаева, Мурадил Садыков, Мирлан Самыйкожо, Фарходбек Алимжанов кирген.

Бүгүн, 22-июнь күнү саат 13:30да Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде аталган маселе каралып, андан соң пленардык жыйынга алып чыгышат.

Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттардын добушу менен убактылуу комиссиянын корутундусу жактырылат, же четке кагылат.

Copyright © 2017 Maral FM