Биз менен байланышыңыз

Унааларды каттоо боюнча эреже киргизилди

Кыска кабар | 22 Июн 2023 | 444 | 0

Кыргызстанда транспорт каражаттарын ээликтен ажыратууда сөзсүз түрдө жубайынын/жолдошунун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынат. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Аталган мыйзам 3-июлдан тарта күчүнө кирет.

«Жубайлардын никеге турганда сатып алган мүлкү, анын ичинде транспорт каражаттары орток мүлк болуп саналат. Ага ылайык, жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө алардын өз ара макулдугу менен ишке ашат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эгерде кыймылдуу мүлк жубайлардын биринин жеке менчиги болуп саналса же биргелешип алынган мүлктү бөлүштүрүү мурдараак жүргүзүлсө, же ажыратуучу жак никеде турбаса, жубайынын макулдугу талап кылынбайт.

Кошумчалай кетсек, «Унаа» мекемеси жарандардан транспорт каражаттарын, орнотмолорду жана жабдууларды ажыратууда үй-бүлөлүк мыйзамга баш ийүүнү суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM