Биз менен байланышыңыз

«Бишкексууканал» Арча-Бешикке суу берүүнүн графигин өзгөрттү

Кыска кабар | 22 Июн 2023 | 222 | 0

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан билдиришкендей, таза суу менен камсыздоо жакшырганга чейин Арча-Бешик конушуна ичүүчү сууну берүү графикке ылайык жүргүзүлөт.

— 21, 23, 25, 27, 29-июнь күндөрү саат 7:00дөн 11:00гө чейин Садырбаев — Абдрахманов — Асылкеч — Жайыл-Баатыр — Арча-Бешик — Жайыл-Баатыр — Чортеков — Эр Тайлак  көчөлөрү менен чектешкен аймактарга таза суу берилет;

— 22, 24, 26, 28, 30-июнь күндөрү саат 7:00дөн 11:00гө чейин Репин — Жайыл Баатыр — Чортеков-Күйүкова — Чортеков — Кең-Суу — Камбар-Ата — Арча-Бешик — Кызыл-Суу — Ак-Марал, Репин-Күйүкова көчөлөрү менен чектелген аймактарга суу берилет;

— саат 13:00дөн кийин суу өткөргүчтөр бош болгонго чейин: Күйүкова — Муромская — Арча-Бешик — 21-көчө — Көпүрө-Базар — Ахунбаев —  Кызыл-Суу —  Ак-Марал —  Шералиев —  Күйүкова көчөлөрүнө суу берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM