Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан Орусияга сүт жана балыкты экспорттоого коюлган чектөө алынды

Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 133 | 0

Кыргызстандан Орусияга сүт жана балыкты экспорттоого коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маселе 20-июнда Ветеринардык кызматын директору Аширбай Жусупов менен Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Россельхознадзор) жетекчиси С. А. Данкверттин ортосунда онлайн форматта өткөн жолугушууда талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жусупов Кыргызстандын балыкты кайра иштетүүчү жана сүт ишканаларына карата Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарын бузууларын жоюу боюнча зарыл иш-чаралардын комплекси жөнүндө маалымат берди.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде Россельхознадзор Кыргызстандын «Нурагрорыбпром», «Дары Природы» балык иштетүүчү ишканаларынан «күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл» статусу менен мурда коюлган убактылуу чектөөлөр алынды.

Ошондой эле Кыргызстандын «Ак-Булак Плюс», «Ак-Жалга», «Жайыл Милк» жана «Ала-Тоо сүт» сүт ишканаларынан «күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл» макамы менен мурда коюлган убактылуу чектөөлөр алынат.

Учурда Кыргызстандын жогоруда аталган ишканаларынан убактылуу чектөөлөрдү алып салуу боюнча Россельхознадзордун расмий ырастоосу күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM