Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 124 | 0

Эртең, 22-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең саат 09:00дөн 24:00гө чейин «Кыргызстан-1» конушу, Кырман көчөсү, Кожомкул көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин, Ч.Айтматов проспектисинин батыш тарабынан Кожомкул көчөсүнө чейин, ошондой эле Манас айылы менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат.

Суу ВДНХдагы диаметри 300 мм жана 200 мм суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM