Биз менен байланышыңыз

28 миң сом айып: Фонограмманы тескөөнүн жол-жобосу иштелип чыкты

Билим-маданият | 21 Июн 2023 | 4064 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов 2022-жылдын 30-декабрында 2023-жылдан тарта фонограмма менен ырдоого тыюу салган буйрукка кол койгон. Бул буйрукту жүзөгө ашыруу үчүн министрлик атайын токтом долбоорун иштеп чыгып, 20-июнда коомдук талкууга чыгарды. Андан белгилүү болгондой, мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттин эсебинен өткөрүлгөн жана уюштурулган маданий иш-чараларда фонограмма менен ырдаган жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып салуу сунушталган. Ал эми ырчылардын көпчүлүгү мындай талапты коюудан мурда министрлик тиешелүү шарттарды түзүп бериши керектигин айтышууда.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ыр аткаруучуларга фонограмма менен ырдаганы үчүн салынуучу айып пулдун көлөмүн аныктады.

Министрликтин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Салтанат Мамбетмусаева айып мамлекеттик бюджеттин эсебинен уюштурулган массалык маданий иш-чараларда фонограмма менен ырдагандарга салынарын айтты. Ал атайын түзүлгөн кызматтар тарабынан көзөмөлдөнөт.

«Мурунку фонограмма жөнүндө мыйзам күчүн жоготуп, ал мыйзамдын ченемдери «Маданият жөнүндө» мыйзамга кирди. Фонограмма боюнча талаптарды күчөтүп жатабыз. Кайсы учурда фонограмманы колдонсо болору токтомдун долбоорунда так жазылган. Ошондой эле кайсы органдардын уруксаты болушу керектиги да жазылган. Бул нормаларды бузган учурларда юридикалык жана жеке жактарга канча өлчөмдөгү айып пул салынары так көрсөтүлдү. Бузуулар боюнча кодекске өзгөртүүлөр кирип жатат».

Мындан сырткары Маданият министрлиги «Маданият жөнүндө» мыйзамга «Фонограммаларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү» деген жаңы беренени киргизүүнү сунуштады. Ага ылайык, ырчыларга үн жаздырылган фонограмма менен чыгарма аткарууга уруксат берилбейт. Бир гана минустук фонограммага уруксат берилет — мында сөзү жок музыканын өзү гана жаздырылат.

Токтом долбооруна ылайык, «мамлекеттик маанидеги иш-чараларды, ошондой эле телеканалдардан түз эфирге тартууда жана көрсөтүүдө» фонограмма колдонууга уруксат берилет. Ошол эле учурда уюштуруучулар иш-чарада фонограмманын кандай түрлөрү колдонуларын Маданият министрлигине кабарлашы керек болот.

Продюсер Адил Урдинов мыйзам чыгаруунун алдында ошол чөйрөдөгү тажрайбалуу адистерден комиссия түзүп, алардын сунуштарын эске алуу керектигин белгиледи.

Анын айтымында, учурда ырчылар жандуу үн менен концерт берүүдө өзүнүн каражатына техникалык аппаратураларды ижарага алышат.

Ошондой эле ал фонограммага тыюу салуудан мурун мамлекет тиешелүү шарттарды түзүп бериши керектигин айтты.

«Талаптарга жооп бере турган аппаратура болсо, ырчылардын көпчүлүгү жандуу үн менен ырдай беришет. Акыркы учурда аппаратуранын алсыздыгына байланыштуу жандуу ырдаганда эффект анча эмес болуп калып жатат. Ал эми угармандарга, көрүүчүлөргө эффект керек. Ошондуктан аргасыздан фонограмма менен ырдап жатышат. Мамлекеттик мекемелердеги аппаратуралар көп учурда талаптарга жооп бербей калышы мүмкүн. Ал эми концерттерди ырчылар жеке өздөрү өткөрөт. Ал үчүн өзүнүн каражаттарына ижарага керектүү аппаратураларды алышат».

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, эстрада ырчысы Съездбек Искеналиев фонограмма менен ырдоого тыюу салуу жыл башынан бери эле көтөрүлүп жаткан маселе экенин белгиледи.

Ошондой эле ал айылдардагы маданият үйлөрүндөгү аппаратуралардын сапаты начар экенин кошумчалады.

Анын айтымында, аппаратуралардын талапка жооп бербешинин кесепетинен ырчыларга сөз тийип жатат.

«Биз буга чейин канчалаган концерттерге бардык. Бир гана филармониядагы эле аппараттар талаптарга жооп берип жатат. Калган спорт ордосу, «Сейтек» мекемелериндеги концерттерге барып ырдайбыз. Ал жактарда шарт начар. Ал жакта үнүбүз жакшы угулбай, техникалык мүчүлүштүктөр көп болот. Ал эми айыл жериндеги маданият үйлөрүндөгү абалды айтпай эле коёюн. Талап кылардын алдында шарт түзүп беришпейби. Анан ким жаман? «Ырдай албайт экен, ырчы жаман» деген сөз чыгат. Эгер аппаратуралар жакшы болсо, ырдай алган ырчынын баары ырдай беришет».

Өлкөдө ушул жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик мекемелерде жана массалык иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынган. Театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей жана китепканаларда фонограмма менен ырдоого болбойт.

Copyright © 2017 Maral FM