Биз менен байланышыңыз

Зордуктоо фактысын жашырган милициянын иши сотко өткөрүлдү

Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 145 | 0

Талас облустук прокуратурасы өспүрүм кызды зордуктоо фактысын жаап-жашырган айылдык милиция бөлүмүнүн башчысынын ишин иликтөөнү аяктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын март айында Талас РИИБнин айылдык милиция бөлүмүнө өспүрүм кыздын зордукталганы боюнча маалымат түшкөн. Бөлүм башчы Ю.А. буга мыйзам чегинде чара көрүүнүн ордуна шектүүдөн 70 миң сом пара алып, белгисиз тарапка качырып жиберген да, ишти жаап салган.

Облустук прокуратура жашырылган өзгөчө оор кылмышты аныктап, анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу), 367-беренеси (кылмышты жаап-жашыруу) менен иш козгоп, Ю.А.ны камакка алган.

Учурда тергөө аяктап, иш соттун кароосуна жиберилгени айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM