Биз менен байланышыңыз

«Мага элдин атынан сүйлөбөңүз». Байсалов кайрадан талкууда

Саясат | 21 Июн 2023 | 401 | 0

Жогорку Кеңештин 21-июндагы жыйынында бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрүштү. Айрымдары анын кызматтан алынышын талап кылышты.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун депутаттардын дарегине айткан сөздөрү көз жаздымда калбай турганын, анын Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирүүгө укугу жок экенин, Байсаловдун кызмат абалын кароого убакыт келгенин айтты.

«Эдил Байсаловдун Жогорку Кеңештин Социалдык комитетинин жыйынында айтканын жана андан кийин берген маектеринде айткандарын көз жаздымда калтырбайбыз. Мен дароо эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп, катуу эскертүү беришин талап кылдым. Бул биринчи жолкусу эмес. Эдил Байсалов мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлигинин ортосунда чоң жарака кетирип, ойлонулбаган сөздөрдү сүйлөгөнү үчүн тартип жоопкерчилигине тартылышы керек, бул боюнча президент менен да сүйлөшөм. Керек болсо анын мындан кийинки кызмат орду боюнча маселени караганга да учур келди».

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алгач депутат Айбек Маткеримов менен, андан кийин депутат Эмил Жамгырчиев менен айтыша кеткен.

Байсалов Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери сунуш катары гана караларын айткан.

Комитетте Ботаникалык бак боюнча токтомдун аткарылышы тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматы угулган.

«Сиз элдин атынан мага сүйлөбөй эле коюңуз, урматтуу депутат. Эл шайлаган президентибиз бар, аткаруучу бийлик — президент. Президент Миинстрлер кабинетин түзөт, ошол киши мага элдин атынан баа берет. Биз, аткаруучу бийлик, президенттин программасын аткарабыз. Комитеттердин токтомдору сунуш иретинде гана айтылат. Конституцияны жакшы окуйлу, силер өкмөт эмессиңер да аткаруучу бийликке талап койгудай».

Депутат Эмил Жамгырчиев ботаникалык бак боюнча Жогорку Кенештин токтомунун бир да пункту аткарылбаганын айткан. Ирригация системасынын жоктугунан быйыл «Альянс» фракциясы сырттан алып келип тиккен бактардын 30%ы куурап калганын белгиледи. Ошол себептен депутат 2024-жылга ботаникалык бактын кызматкерлеринин маянасын көтөрүү, токтомдун аткарылбаганы боюнча айрым кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу сунушун берген.

«Биз Министрлер кабинетине барган жокпуз, өзүбүздүн төрүбүздө отурабыз. Бизге мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн алып келип жатышат, биз колдоп берип жатабыз. Сындап эчтеке айткан жокпуз, мыйзамды көзөмөлдөө жана колдоо максатында талкуулап жатабыз. Эмне болсо эле «мен президенттин карамагында иштейм, башкаңарды тааныбайм» деген сөз көп жолу чыгып жатат. Эдил Жолдубаевич, сизден суранып кетет элем, андан көрө кылган ишиңиз менен аброюңузду көтөрүңүз, сизди өзүбүз сыйлап алабыз«.

Байсалов ага бактар башаламан отургузулганын, мындайды токтотуу керектигин айткан.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов мыйзам боюнча элдин атынан президент жана депутаттар сүйлөй аларын белгиледи. Ошол эле учурда ар ким өз ыйгарым укугун так аткарып жатканын айтты.

Депутаттар Айбек Осмонов, Эрулан Көкүлов да Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду отставкага кетирүү маселесин кароону сунуштады.

«Башмыйзамда жазылган. Элдин атынан президент жана депутат гана сүйлөйт. Эдил Байсалов депутатка «элдин атынан сүйлөбөй эле койгула» деген сөзүнө жооп берсин. Азыр президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов да айтып жатат, «ар бириңер өз укугуңарды билгиле» деп. Бул киши да туура эмес айтып жатат. Биз укугубузду билебиз, биз элдин атынан сүйлөгөнгө толук укугубуз бар» , — деди депутат Айбек Осмонов.

Кыргызстан президенттик башкарууга өткөн, бирок бул президент баарын өз билгениндей жасайт дегенди билдирбейт. Парламент өкмөттүн курамын бекитип берет жана аткаруу бийлигинин иштерин көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзө алат. Ошондой эле парламентке депутаттар шайланып келет. Ал эми өкмөт мүчөлөрү президент тарабынан дайындалат.

Мындан улам парламенттин элдин атынан сүйлөө укугу аткаруу бийлигине караганда салмактуу.

Байсалов: Депутаттар жаңы Конституцияны түшүнө элек (видео)

Эдил Байсаловдун отставкасы тууралуу маселе былтыр да көтөрүлгөн. Быйыл апрель айында «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобу да Байсаловду кызматтан алууну сунуштаган.

Коомдук активист болуп жүргөн Эдил Байсалов 2019-жылы август айында Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болгон. Ал Ирландия жана Исландияга да элчилик кылуу милдетин аткарган.

2021-жылдын октябрынан бери Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары (социалдык блокту жетектейт).

Copyright © 2017 Maral FM