Connect with us

Байсалов: Депутаттар жаңы Конституцияны түшүнө элек (видео)

Кыска кабар | 3 Фев 2022 | 644 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүн сындаган Жогорку Кеңештин депутаттарына жооп берди.

Ал «Фейсбуктагы» баракчасына: «Менин айткандарыма чычалаган депутаттардын көбү жаңы Конституция менен жашап жатканыбызды түшүнө элек. Жогорку Кеңештин регламентин биз толук кандуу, тамырынан бери иштеп, өзгөртүүлөрдү талап кылбасак, эскиче эле иштей беришет деген коркунуч. Бир да мамлекетте, демократиясында да, коңшуларда да жума сайын чукул талкуу өткөрүлбөйт, жалпы сессияда. Мен ошону айтайын дегем», — деп жазды.

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында депутат Нурланбек Шакиев вице-премьер-министр Эдил Байсаловдун айткандарына парламент реакция кылышы керектигин, ал парламентти орунсуз шылдыңдаганга укугу жоктугун айткан.

Депутатты башка кесиптештери да колдоп, расмий жооп берүүнү өтүнүшкөн.

Эдил Байсалов «Марал» радиосунун «Күн чабыт» программасында Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу пикирин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM