Биз менен байланышыңыз

«Чыңгыз менен Бүбүсара» спектакли көрсөтүлөт

Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 239 | 0

21-22-июнь күндөрү Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын сүйүү баянын чагылдырган «Чыңгыз менен Бүбүсара» спектакли көрсөтүлөт.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Чыгарманын автору: КР эл жазуучусу жана драматургу Жаныш Кулмамбетов. Спектакль алгач 2005-жылы коюлган. Андан кийин толукталып, жаңыланып, коюлганы жатат.

Чыңгыз Айтматовдун ролун Өмүрзак Токтомуратов, Бүбүсара Бейшеналиеванын ролун Махабат Байгабылова ойнойт.

Дареги: Абдрахманов көчөсү, 230. Башталышы саат: 18:30, билет баасы: 200 сом.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM