Биз менен байланышыңыз

Талайбек Байгазиев энергетика министрине орун басар болду

Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 138 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Талайбек Байгазиев энергетика министрине орун басар болуп дайындалды.

Байгазиев Талайбек Аскарович 1970-жылы Түп районунун Түп айылында туулган. Орусиядагы Томск политехникалык институтун «инженер-энергетик» адистигинде аяктаган.

2016-жылдан бери энергетика тармагында жетекчилик кызматтарда иштеп келет. Орун басарлык кызматка келгенге чейин «Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын төрагасы болгон.

Айта кетсек, энергетика министринин ага чейинки орун басары Сабырбек Султанбеков 13-июнда кызматынан бошотулган болчу.

Энергетика министринин орун басары кызматынан кетти

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM