Энергетика министринин орун басары кызматынан кетти

Сабырбек Султанбеков энергетика министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Султанбеков кызматынан өз каалоосу менен кеткен. Ал министрдин орун басары болуп 2022-жылдын  октябрынан бери иштеп келет. Азырынча министрдин жаңы орун басары дайындала элек. Азыр Министрлер кабинети талапкерлерди карап жатат.