Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 28-июнда башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июн 2023 | 285 | 0

Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 28-июндан 5-июлга чейин созулат. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына таянып Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

БШК 20-июнда кабыл алган токтомго ылайык, шайлоо тилкелери иш күндөрү 9:00дөн 18:00гө чейин, демалыш жана майрам күндөрү 11:00дөн 17:00гө чейин ачык болот.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө шайлоо күнү жашаган аймагында боло албай турган жарандар катышат. Бул үчүн алар арыз жазып, аймактык шайлоо комиссияларына шайлоо күнү эмнеге добуш бере албай тургандыгынын себебин түшүндүрүшү керек болот.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү укугуна ээ болгон жарандар бюллетенди жашыруун добуш берүү бөлмөсүндө толтурат. Ал атайын конвертке салынып, аймактык комиссиянын эки мүчөсү кол коюп, мөөр басылат. Андан соң сактоо үчүн жергиликтүү шайлоо комиссиясынын сейфине салынат.

Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июлда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM