Бүгүн, 21-июнда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга расмий сапары башталат. Ал 23-июнга чейин уланат.
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалган. Кыргыз-герман кызматташуу маселелеринин кеңири спектри талкууланат.
Бишкек жана Чүйдө айрым борбордук көчөлөрдө кыймыл чектелет