Биз менен байланышыңыз

Балыкчыда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жөө жүрүшү башталды

Кыска кабар | 20 Июн 2023 | 96 | 0

19-июнда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жөө жүрүшү башталды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

«»Биз үчүн бизсиз эч нерсе!» деген ураандын астында майыптыгы бар адамдардын коляскадагы жөө жүрүшү коомдо, чечим кабыл алуу чөйрөсүндөгү адамдар жана жаштар арасында майыптык жөнүндө түшүнүктү кеңейтүү үчүн, ошондой эле майыптыгы бар адамдар жөңүндө миф, стереотип, туура эмес көз караштарды өзгөртүү максатында өткөрүлөт», — деп билдиришти уюштуруучулар.

Коляскалар менен жөө жүрүш Балыкчы – Чолпон – Ата багытында 5 күндө 80 чакырымга созулат. Жүрүш маалында Кара-Ой, Балыкчы шаарынын айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана социалдык кызматкерлери үчүн бир сааттык семинарлар өткөрүлөт.

Жүрүш FSDS, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссардын аппараты, ЮНИСЕФ, Кыргыз Республикасындагы Тилектештик борбору, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги, Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү, Кыргыз Түрк “Манас” Университетинин ыктыярчылары, “Абдыш -Ата” футболдук клуб тарабынан колдоого алынууда.

Жөө жүрүш «Теңдик» майыптар союзунун демилгеси менен өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM