Биз менен байланышыңыз

ЖРТ жыйынтыгы: «Алтын сертификат» алган окуучулар белгилүү болду (тизме)

Кыска кабар | 20 Июн 2023 | 1914 | 0

Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында өткөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.

Бүгүн, 20-июнда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага 2023-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упай топтоп, «Алтын сертификат» алуу укугуна ээ болгон 54 окуучунун тизмесин тапшырды.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору берген тизмеге ылайык:

Бишкек шаарынан – 39, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 4, Чүй облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1 окуучу «Алтын сертификат» алат.

«Алтын сертификат» ээлеринин саны 2020-жылы 53 болгон, 2021-жылы 58, 2022-жылы 57 жеңүүчү аныкталган.

Өлкөдө жыл сайын 40 миңден ашык окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катышат. Анын жыйынтыгына карап жогорку окуу жайларга бюджеттик окууга кирүү мүмкүнчүлүгү болот.

«Алтын сертификат» алуу укугуна ээ болгон 54 окуучунун тизмеси төмөндө:

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM