Биз менен байланышыңыз

Чөгүп кеткен «Титаникке» барган туристтик кайык дайынсыз болууда

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2023 | 652 | 0

Атлантика океанында чөккөн «Титаник» кемесинин урандыларына туристтерди ташыган суу астындагы кеме 19-июнь күнү байланышка чыгууну токтотту. Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдагандай, суу астындагы кемеге ээлик кылган Oceangate Expeditions компаниясы АКШ менен Канадада издөө иштерин баштады.

Бортто туристтер болгон-болбогону жана алардын саны тактала элек.

Жеке экскурсиялар үчүн «Титан» аттуу чакан суу астындагы кайык колдонулат. Ал беш кишиге ылайыкталган: капитан, окумуштуу-гид жана үч туристти батырат. Адатта, экспедициялар сегиз күнгө созулат. «Титаниктин» кыйраган жерине жеткен жүргүнчүлөр суу астындагы кемеге отуруп, чөгүп кеткен лайнерди кыдырып чыгышат. Сууга түшүүнүн өзү болжол менен сегиз саатка созулат. Турдун баасы 250 миң долларга чейин жетет.

Oceangate Expeditions компаниясынын маалыматы боюнча кеме кырсыкка учураганда 96 саат суу астында жашоону камсыздап тура алган система бар.

«Титаник» Канаданын Ньюфаундленд аралынан 600 чакырым алыстыкта, Атлантика океанынын түбүндө 3800 метр тереңдикте жайгашкан.

Трансатлантикалык «Титаник» өз учурунун эң чоң жана эң кымбат жүргүнчү кемеси болгон. 1912-жылы Саутгемптондон Нью-Йоркко баратканда айсбергге урунуп, кыйраган. «Титаниктин» бортунда 2200 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү болгон. Алардын 1500дөн ашыгы өлгөн. Кеменин калдыктары 1985-жылы табылган. Ошондон бери алар жигердүү изилденип, ошондой эле туристтерди тартууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM