Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан октябрдан тарта Орусиядан газ сатып алат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2023 | 247 | 0

Өзбекстан 2023-жылдын 1-октябрынан тарта Орусиядан суткасына тогуз миллион кубометрден газ сатып ала баштайт. Импорттун жылдык көлөмү болжол менен 2,8 миллиард кубометрди түзөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлигине таянып Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

16-июнда Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов менен «Газпромдун» төрагасы Алексей Миллер эки жылдык мөөнөткө газ жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.

Түзүлгөн келишимдин суммасы айтыла элек. Энергетика министрлиги газдын баасы аймактагы базар баасына, ошондой эле Өзбекстандагы газдын баасына ылайык макулдашыла турганын билдирди.

Макулдашуудан тышкары 22 чакырым жаңы магистралдык газ түтүктөрүн курууну, 56 чакырым газ түтүктөрүн оңдоону камтыган жол картасына кол коюлду.

Былтыр ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусия президенти Владимир Путин Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда газ биримдигин түзүүнү сунуштаганын айткан. Мындан соң Өзбекстандын энергетика министри Мирзамахмудов орус газын Казакстан аркылуу жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок бул альянс эмес, «техникалык келишим» болорун билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM