Биз менен байланышыңыз

Электр самокаттарын тебүү эми мыйзам менен тескелет

Коом | 19 Июн 2023 | 238 | 0

Өлкөдө электр самокатын тебүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев акыркы убактарда электр самокатына байланыштуу окуялар көп катталып жатканын белгиледи. Анын айтымында, буга чейин транспорттун бул түрү болбогондуктан мыйзамда аны кандай колдонуу жазылган эмес. Бирок кырдаал өзгөрүп, тиешелүү чараларды көрүү талап кылынууда. Электр самокаттын жүрүүсүн жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна ылайык, эреже бузгандарга айып салынат.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда депутаттар электр самокатты айдоону жөнгө салган мыйзам долбоорун даярдап жатканын билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурда электр самокат тепкендер жол кырсыгына кабылган учурлар арбын. Ичик иштер министрлиги түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Мыйзам долбооруна ылайык, эреже бузгандарга айып салынары каралган.

«Самокаттын айдоочулары жөө жүргүнчүлөргө жол бербейт, бул мыйзам бузуу болуп эсептелет. Мыйзам долбоорунда биз негизги учурларды жаздык, «электр самокат деген эмне, алар кайда жүрүшү керек, кандай учурларда унаа жолуна чыга алат, кырсык болгон учурда эмне кылуу керек», ошондой эле «түн ичинде милдеттүү түрдө чагылдыруучу элементтерди колдонуу керек» деген пунктту да киргиздик. Учурда мыйзам долбоорун иштеп чыктык, жакында коомдук талкууга коюлат. Сентябрда кабыл алынып калат деп ойлойм. Ички иштер министрлиги менен бирге иш алып барабыз».

Депутат Маматалиев электр самокатын тебүүгө эч ким тыюу салбасын, аны колдонуу гана жөнгө салынарын түшүндүрдү.

Аталган долбоордо электросамокатта жүрүүнүн ылдамдыгына чек коюлбайт, эң башкысы, алар атайын белгиленген жол менен жүрүшү керек.

«Мындан сырткары эки кишилик самокаттар бар, эгер андай болсо, экөө тепсе уруксат берилет. Ал эми чыгаргандар бир эле кишиге ылайыкталган деп көрсөтсө, анда экинчисин кошо тургузуп алууга болбойт. Себеби ал өтө кооптуу. Кеп электр самокаттардын ар кыл түрү туурасында жүрүп жатат. Аларга жарыкты чагылдыруучу каражаттар милдеттүү түрдө чапталышы керек».

Бишкек шаарынын тургуну Айганыш Султанбекова веложолдор үчүн тийиштүү шарттар жок экенин айтты.

«Мен бул самокаттарды көп учурда колдоном. Азыркы учурда ал үчүн эреже, мыйзам кирет деп уктум. Бир аз каршымын десем болот. Себеби атайын белгиленген жолдор менен гана жүрүү керек экен. Ал эми мындай жолдор борбордук көчөлөрдө эле бар. Калган көчөлөрдө жолдор белгиленген эмес. Ушулардын баарын эске алып, андан кийин гана эрежени, мыйзамды киргизсе болот».

Бул маселе боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу учурда Ички иштер министрлиги тарабынан самокатты ижарага бергендерге жана аны тепкендерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Муну менен катар ал эгерде самокат минген адам жол кырсыгына катышса, ал кадимки жол кырсык катары катталарын эскертти.

«Электр самокаттарды көпүрөлөргө, тоннелдерге, темир жолдорго, жолдун жөө кишилер өткөн жерине беш метрден жакын калтырууга болбойт. Ал эми аялдамага 15 метрден жакын аралыкта калтырбоо керек. Биздин сунуш боюнча, аларды велосипед жолдорунда, алар жок болсо, жолдун чекеси менен тебүү керек. Эгерде тротуарда жөө кишиге тоскоолдук жарата турган болсо, алгач өткөрүп жиберип, андан соң жолун улашы керек. Эгерде жер алдындагы өтмөктө, көпүрөдө, жолдун жөө адамдар өтө турган чийининде самокаттан түшүп, аны жетелеп өтүшү зарыл».

Депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, даярдалган мыйзам долбооруна ылайык, башка транспорт каражаттары сыяктуу айдоого атайын күбөлүк берилбейт.

Мындан сырткары самокатты ижарага тапшыргандар милдеттүү түрдө аталган буюмдун техникалык абалына көз салып, анан пайдаланууга бериши керек.

Аны менен катар Эреже бузуу кодексине түзөтүү киргизүүнүн негизинде 1000 сомго чейинки айып пулдар бекитилет.

Copyright © 2017 Maral FM