Connect with us

Бишкектин Ленин округу боюнча кайра шайлоо качан өтөт?

Коом , Саясат | 19 Июн 2023 | 444 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 16-июнда Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. 

Буга алдыңкы орун алган эки талапкердин добуштары мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылганы негиз болду. Кайра шайлоо качан өтөт жана ага канча акча сарпталат?

Быйыл 28-майда №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өткөн. Ат салышкан жыйырма тогуз талапкердин ичинен Дамира Ниязалиева алдыга чыккан. Ага шайлоого келгендердин 35%ы, тагыраагы, 6 242 адам добуш берген. Андан тышкары дагы төрт талапкер 5 пайыздык босого чектен өткөн.

5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Дамира Ниязалиеванын жана Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарып, Ниязалиеваны жоопко тартууга макулдук берди.

Буга чейин интернетте Ниязалиеванын үнүнө окшош сүйлөгөн жаран менен башка жарандын маеги жарыяланган, анда ар бир добуш үчүн 1500 сомдон төлөп берүү талкууланган.

Ал эми Сариевге «шайлоочулардын добуштарын сатып алды, муниципалдык кызматкерди жана аймактык-коомдук башкаруучу кызматкерди үгүт иштерине тартты, административдик ресурс пайдаланды, шайлоо фондунда каралбаган каражатты колдонду, шайлоочуларды системалуу түрдө ташып келди» деген айып коюлган.

Эгерде шайлоо тилкесине келгендердин 30%дан көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындаларын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искендербек Гайпкулов айтты.

Ал шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга негиз болгон иш-аракеттер үчүн материалдык жоопкерчиликти караган мыйзамга түзөтүүлөрдү иштеп чыгууну сунуштады. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн тиешелүү долбоорлору шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топто талкууланып, андан соң парламентке жөнөтүлөт.

«Бүгүн БШКнын мүчөлөрүнө билдирүү бердик, ошондой эле юристтер менен ведомстволор аралык комиссияга сунуштарды даярдап жатабыз. Биз жумушчу топ менен чыгымдарды жабуу үчүн, эгер талапкерлер тарабынан одоно мыйзам бузуулар катталып, шайлоо жокко чыгарыла турган болсо алардын жоопкерчилиги карала турган мыйзам кабыл алынышы керектиги үчүн сунуштарды даярдап жатабыз. Парламент болсо чечип берет».

Көптөгөн мыйзам бузуулардан улам шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, кайра шайлоо жарыяланганы туура чечим деп эсептейт шайлоо маселелери боюнча эксперт Тагир Осмоналиев.

Анткени бул кадам шайлоо процесстерине катышып жаткан ар бир өкүлгө, келечектеги депутаттарга жана шайлоочуларга мындай туура эмес аракеттер жоопкерчиликсиз калбайт деген белги катары сыпатталат.

Кайра шайлоо өткөрүү кошумча каржылык чыгымдарды талап кылганы менен өлкөдөгү демократиялык принциптерди жана мыйзамдуулукту чыңдоого жумшалган инвестиция катары билүү керектигин мындай түшүндүрдү:

«Шайлоо бир конкреттүү округ боюнча өтүп жаткандан кийин БШКнын, укук коргоо органдарынын жана шайлоочулардын көңүлү бир округда болуп турат. Муну жакшы бир практикалык иш катары карасак болот, анткени биз шайлоону таза өткөрүүгө чоң сабак чыгарып алсак болот. Бул жерден мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, көптөгөн мүчүлүштүктөрдү аныктап, шайлоо өткөрүүнү жакшыртууга өбөлгө түзүп алсак болот».

Былтыр Биринчи Май округунан талапкер болгон коомдук ишмер Мавлян Аскарбеков азыркы шайлоо боюнча мыйзамдар туура эмес жазылганын белгилейт. Ал шайлоо өткөрүү өтө кымбат жараян экенин, кеминде 18 млн сом сарпталарын белгилеп, кандайдыр бир жагдайдан улам депутаттын мандаты тапшырылса, кайра шайлоо өткөрбөй турган жолдорду айтып берди.

«Шайлоого катышкан талапкерлер босого баллдан өтсө, баары тизмеге турушу керек. Мисалы, Ленин шайлоо округунан 30 талапкер ат салышты, анын болгону үчөө-төртөө гана 5%дык босогодон ашса, ошол төрт киши тизмеге турат. Алар беш жылдык мөөнөттө депутаттык мандатты сактап турат. Башкача айтканда, депутат болуп келген адам кетип кала турган болсо, тизмедеги кийинки талапкер мандатын ала берет. Бул саясий интригага, казынанын ашыкча чыгашасына жол бербейт жана түркүн саясий оюндарга чекит коёт. Мындан сырткары добуш сатуу жана сатып алуу, ошондой эле башка аракеттердин баарын кылмыштардын оор тизмесине киргизүү зарыл».

Аскарбеков Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамын кайра карап чыгып, коомчулук менен талкуулап, жаңы, таасирдүү мыйзам кабыл алышы керектигин белгиледи.

Шайлоого 125 миңге жакын адамдын 17 миңден ашыгыраагы гана келген. Бул көрсөткүч коомдо жарандардын татыктуу эл өкүлүн тандоого кызыкдар болбогону, кайдыгер мамилеси жана жоопкерчиликсиздиги менен мүнөздөлүүдө.

Серепчилердин пикиринде, шайлоочуларга жеткиликтүү деңгээлде маалымат берилген эмес. Экинчи жагдай, жарандардын талапкерлерге жана шайлоого болгон ишеними төмөн болгондуктан кызыгуусу да артпай жатат, бул себептен жарандарды шайлоого катышууга кызыктыруу керек.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда Ленин округунан 14 адам талапкер катышкан. Натыйжада эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында мушташтан улам мандатын тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM