Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Борбор Азиядагы суунун 40 пайызы Кыргызстанда жайгашкан

Кыска кабар | 19 Июн 2023 | 535 | 0
Орто-Токой суу сактагычы.

Борбор Азиядагы жалпы суунун көлөмүнүн дээрлик 40 пайызынан ашыгы Кыргызстанда жайгашкан. Буга байланыштуу жалпы аймактын келечеги Кыргызстандын суу пайдалануу саясатын туура жүргүзгөндүгүнө көз каранды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо учурунда билдирди.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстанда мөңгүлөрдөгү суунун запасы 650 км3 түзүп, ондогон көл, үч миңге жакын дарыя бар. Учурда анын 20 пайызы гана иштетилет.

Акылбек Жапаров акыркы эки жылда суу тармагына 2 млрд сомго чейин каражат бөлүнгөнүн, анын ичинде техникага 1,2 млрд сомго чейин каралганын айтты.

«Азыркы оор учурда бизге дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо, жаңы жерлерди өздөштүрүү, мелиоративдик абалды жакшыртуу жана башка олуттуу милдеттер жүктөлгөн. Республикабыздын азык-түлүк коопсуздугу сиздердин кесиптик ишиңиздер менен тыгыз байланышкан», — деди ал.

Өлкөдө суу тармагында 4848 киши иштейт.

Токаев: Суу маселесин Борбор Азия өлкөлөрү биргеликте чечиши керек

Июнь айынын башында борбордо суу тартыштыгынан улам көп көлөмдөгү суу керектелген жеке мончолор, унаа жуучу жайлар жана бассейндер убактылуу жабылган. Мындан тышкары бир канча конушка суу берүүдө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Шаардын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев Бишкекте Баш-Кара-Суу суу тосмосунун жанынан төрт гектар жер, «Сельский» суу тосмосунун жанынан 3 гектар жер, «Контррезервуар» суу тосмосунун жанынан 4 гектар жер керек экенин айткан. Бир суу кампа курууга болжол менен 150 милилондой сом сарпталат, жалпысынан 500 миллионго жакын сом талап кылынат.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 8-июндагы кезексиз жыйынында Бишкек шаардык мэриясынан суу алуучу жайдын курулушуна 150 миллион сом бөлүү сунушун колдогон.

Copyright © 2017 Maral FM