Биз менен байланышыңыз

Токаев: Суу маселесин Борбор Азия өлкөлөрү биргеликте чечиши керек

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2023 | 365 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанада өткөн климат боюнча саммитте суу маселесин Борбор Азия мамлекеттери биргеликте чечиши керектигин айтты.

Ал Борбор Азияда климаттын өзгөрүүсү боюнча долбоорлоо офиси курулушу керектигин, 2026-жылы БУУ жана башка эл аралык уюмдар менен биргеликте континенттер аралык климаттык саммитти өткөрүүнү да сунуштады.

«Биздин чөлкөмдөгү эки ири дарыя — Сырдарыя менен Амударыянын суусунун көлөмү 2050-жылга барып, 15%га азаят. Аймактагы экологиялык катастрофанын алдын алуу максатында Аралды куткаруу эл аралык фондун колдоого көп каражат бөлүшүбүз керек. Суу маселеси менен климаттын өзгөрүүсү бири-бири менен байланыштуу. Борбор Азия мамлекеттери суу коопсуздугун камсыздоо үчүн тыгыз кызматташышы керек», — деп билдирген Токаев.

Токаевдин айтымында, Борбор Азиядагы кургакчылык жана суу ташкындары жылына ички дүң өндүрүмдүн көлөмүн 1,3%га кыскартууда. Эгиндердин түшүмдүүлүгү да 30%га кыскарган.

Ал Борбор Азия өлкөлөрүн бул көйгөйлөр менен чогуу күрөшүүгө чакырып, «Биз кааласак да, каалабасак да, тагдырларыбыз бири-бирибизге байланган. Бул чындыкты кабыл алып, биргеликте чара көрсөк утабыз. Ал эми келише албаган өлкөлөр талкаланат», — деп сөзүн жыйынтыктаган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Астана эл аралык форумунда климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери мөңгүлөрдүн эришине, ар кандай табигый кырсыктардын көбөйүшүнө алып келип, социалдык-экономикалык өнүгүү жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн чоң коркунучтарды жаратканын билдирген.

Астанада өткөн форум Кыргызстанга эмне берет?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM