Биз менен байланышыңыз

Астанада өткөн форум Кыргызстанга эмне берет?

Коом , Саясат | 8 Июн 2023 | 536 | 0

Бүгүн, 8-июнда президент Садыр Жапаров Казакстандын Астана шаарында өткөн эл аралык форумда климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери мөңгүлөрдүн эришине, ар кандай табигый кырсыктардын көбөйүшүнө алып келип, социалдык-экономикалык өнүгүү жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн чоң коркунучтарды жаратканын билдирди.

Аны менен катар Кыргызстан суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, суу ресурстарын башкаруу принциптерин киргизүү маселесине өзгөчө маани берерин айтты.

Өлкөдө ушул күндөрү суу тартыштыгы чоң көйгөй болууда.

Президент Садыр Жапаров Астана эл аралык форумунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн кооперациясынын артыкчылыктары тууралуу айтты.

Жапаров Борбор Азиянын мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары ар түрдүү экенин белгилеп, жаратылыш ресурстарынын запастары, демографиялык деңгээл, Евразиянын борборундагы транзиттик мүмкүнчүлүктөр биргелешкен пайдалуу кызматташтык жана өнүгүү үчүн бардык шартты түзөрүн белгилеп өттү.

Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери мөңгүлөрдүн эришине, ар кандай табигый кырсыктардын көбөйүшүнө алып келип, социалдык-экономикалык өнүгүү жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн чоң коркунучтарды жаратканын билдирди.

Ал мындан тышкары Кыргызстан суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, социалдык, экономикалык жана экологиялык максаттарга жетүү үчүн суу ресурстарын интеграцияланган түрдө башкаруу принциптерин киргизүү маселесине өзгөчө маани берерин айтты.

«Биз мыйзамдарды, анын ичинде Суу кодексин жаңылоо процессин баштадык. Быйыл февралда 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясы кабыл алынган, анын алкагында Кыргызстан өзүнө: сууларды мамлекеттик эсепке алуу жана экологиялык абалды жакшыртуу; коопсуз жана сапаттуу суу менен камсыз кылуу; саркынды сууларды чыгаруу жана санитария; суу боюнча Бирдиктүү маалыматтык системаны санариптик трансформациялоо; сууну сарамжал пайдаланууга шык берүүчү суу ресурстарын башкаруунун туруктуу экономикалык механизмдерин түзүү; гидрографиялык принцип боюнча бассейндик башкаруу органдарын түзүү милдеттенмелерин алат. Кыргызстандын суу ресурстары түзүлгөн зонада жайгашкандыгын, ошондой эле коңшу өлкөлөр пайдаланган жагдай биздин бүткүл аймак алдындагы чоң жоопкерчилигибизди шарттаганын өзгөчө белгилеп кетким келет».

Эколог Анара Султангазиеванын пикиринде, президенттин эл аралык деңгээлде климат маселелесин көтөргөнү жакшы аракет, анткени бул эл аралык каржы уюмдарынын Кыргызстанга колдоо көрсөтүүсүнө түрткү берет.

«Буга чейин эл аралык уюмдардын каржы булактары коңшу өлкөлөргө агып кетти. Өз убагында Кыргызстан ири долбоорлорду жазып, анын далилдеп, эсептеп, ишке ашыра турган донорлор менен жакшы иштешсе, көп акча бизге келип, бир топ маселе чечилип калмак. Убагында биздин өлкө буга көңүл кош карап койгон. Эң көп акчаны Орто Азия боюнча Өзбекстан менен Тажикстан алган. Анткени алар ушул жаатта аракеттерин көрсөтүп, жакшы колдоо алышты».

Аны менен катар мамлекет башчы энергетика маселесин көтөрүп, кызыкдар тараптарды энергия алуунун жаңы булактарында, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде инвестициялык кызматташууга чакырды.

Энергетика боюнча серепчи Эрнест Карыбеков президент көтөргөн маселелерди чечүүгө форум жардам бере албасын, өлкөнүн негизги маселелери чечилбей жатканда ушул сыяктуу форумдар натыйжасыз болорун айтат.

«Биздин элге арзан энергоресурстарды берүү керек. Мамлекет башчылар экономикага, жарандарга ыңгайлуу боло тургандай саясатты жүргүзүшү зарыл. Азыр кымбат берип коюп жатышат, бул такыр туура эмес. Мындай «дежур» форумдар болуп келген, мындан ары да натыйжасыз өтө берет. Анткени ушул сыяктуу иш-чараларда көптөн бери башка саясатты жүргүзгөн «тренддерди» сүйлөп калышкан, кагазга эмнени жазып берсе, ошону окуп коюп эле, туура эмес жол менен бара жатышат».

Садыр Жапаров экономикадагы абал тууралуу да айтып, Кыргызстан Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн жашыл, туруктуу, климаттык жана экологиялык жактан таза, бейтарап экономикага өтүшүнө багытталган долбоорлорго өнөктөштөрдү, финансылык институттарды активдүү тартууну күтөрүн белгиледи.

Экономист Төлөнбек Абдыров форумда экономикалык маселелердин козголушу инвестиция тартууга жакшы мүмкүнчүлүк экенин айтты.

«Астанада өтүп жаткан форум азыркы кездеги мезгилдин талабына ылайык келген көйгөйлөрдү чече турган атайын аянтча болуп түзүлдү. Тышкы байланыштар, ар кайсы мамлекеттердин экономикасы жаратылышыбызга кандай таасир тийгизип жатканы жана башка маселелер айтылды. Мен оюмча, эми инвестициялар келип, биргелешкен ишканалар түзүлө баштайт. Ушундай чоң аянтчада президенттин көйгөйлөрдү көтөрүп катышуусу маанилүү жана берип жаткан сунуштары абдан пайдалуу».

Эл аралык форум Астана шаарында өттү. Ага өлкө лидерлери жана делегация башчылары катышып, тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүүсү маселелери көтөрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM