Биз менен байланышыңыз

Пригожин: Абактан Украинадагы согушка тартылган 32 миң киши жазадан бошотулуп, Орусияга кайтты

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2023 | 448 | 0

«Вагнер» жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин орус абактарынан Украинадагы согушка жөнөтүлгөн 32 миң киши жазадан бошотулуп, Орусияга кайтып барганын билдирди.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин «Вагнердин» курамында согушка катышкан соттолуучуларга ырайым берүү тууралуу жарлыктарга кол коюп жатканы ырасталганын жазды.

«Вагнер» – Путинге жакын петербургдук ишкер Евгений Пригожин негиздеген куралдуу жарым-жартылай расмий түзүм. Бул жеке аскердик компаниянын жалданмалары, анын ичинде абактардан тартылган жоочулар Украинадагы согушка жана Сирия менен Африка өлкөлөрүндөгү аскердик операцияларга активдүү катышууда.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө террордук уюм деп табылган «Вагнердин» жоочулары көптөгөн кылмыштарга айыпталып келишет. Пригожин муну мойнун албаганы менен четке да какпайт.

«Вагнер» компаниясы Украинадагы согушка камактагы адамдарды жалдап жатканы 2022-жылы жазында айтыла баштаган. Орус түрмөлөрүнөн согушка канча киши тартылганы так белгисиз.

Өткөн жылы ноябрда Орусиянын Жазаларды аткаруу кызматы эки айдын ичинде камактагылардын саны 23 миңге азайганын билдирген. Мекеме кийинки статистиканы 2023-жылы январда жарыялаган. Анда ноябрдан бери абактагылардын саны 6 миң кишиге азайганы жазылган.

Буга чейин Пригожин орус абактарынан «Вагнерге» 50 миң киши тартылганын, алардын 20% жакыны (10 миң) согушта каза болгонун билдирген.

Быйыл февралда камактагыларды согушта тартуунун экинчи толкуну башталганы кабарланган. Анда Пригожин бул иш менен анын компаниясы алектенбей калганын айткан.

Буга чейин «Азаттык» радиосу орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза болгонун тактаган.

Украинадагы согушта Орусиянын тарабында салгылашкан жүзгө жакын борборазиялык жаран каза болгон. Анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени «Би-Би-Синин» орус кызматы жарыялаган иликтөөдө айтылат. Алар «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын азгырыгы менен согушка тартылганы жазылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM