Биз менен байланышыңыз

Президент УКМКнын Таластагы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты (сүрөт)

Кыска кабар | 17 Июн 2023 | 356 | 0

Президент Садыр Жапаров Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында УКМКнын облустук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып берди.

Айта кетсек, УКМКнын Талас облустук башкармалыгы буга чейин 1936-жылы салынган 1000 чарчы метр аянттагы эски имаратта иштеп келишкен. Мындан улам жаңы имарат маселеси көтөрүлүп, 2022-жылдын 7-июнунда курулуш иштери башталган.

Жалпы аянты 2000 чарчы метрди түзгөн төрт кабаттуу имарат заманбап талаптарга толук жооп берет. Башкармалыктын материалдык-техникалык базасы жаңыртылып, кызматкерлердин иштөөсүнө тиешелүү шарттар түзүлгөн.

Ачылышта сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы: «Заманбап имараттын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжасы артып, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөштүн сапаты жогорулайт деп үмүт артам. Дүйнө ааламдашып, заман чакырыктары менен коркунучтары күч алган маалда сиздерге кажыбас кайрат, бекем эрк, мекенчил сезим каалайм. Ата Мекендин коопсуздугу үчүн күн-түнү тыным албаган ак эмгегиңиздердин акыбети кайтсын!» — деген каалоосун билдирген.

Ачылыштан кийин Президент Садыр Жапаров имарат менен таанышып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM