Биз менен байланышыңыз

Президент «Талас» аэропортун кайра куруу иштери менен таанышты

Кыска кабар | 17 Июн 2023 | 190 | 0

Президент Садыр Жапаров Талас облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө бүгүн, 17-июнда «Талас» аэропортун кайра куруу долбоору менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысына аэровокзалдын жана аэродромдун жаңыдан салынып жаткан имараты боюнча маалымат берилген.

«Талас» аэропорту 78,023 гектар аянтты ээлеп, аэровокзал имаратынын долбоордук-сметалык документтери бүткөн. Долбоорго ылайык, жаңы вокзал саатына 100 жүргүнчүнү тейлейт. Келген-кеткендердин коопсуздугун сактоо үчүн заманбап көзөмөл системасы орнотулат.

Аэродромдун учуу-конуу тилкесин түздөө, даярдоо иштери аяктап, учурда асфальт-бетон төшөө иштери башталды. Курулуш иштери ушул жылдын акырына чейин жүргүзүлөт.

«Аэропортторду модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу бул жаатта жана жалпы өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Кыргызстанда туристтерди өзүнө тартып турган табигый кооз жерлер көп. Ошондуктан кыргыздардын меймандостугун жогорку деңгээлде көрсөтүү маанилүү, ал эми бул нерсе аэропорттордон башталаары белгилүү. Ошондуктан эл аралык аэропортторду ар тараптан өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Биз өлкө боюнча ички каттамдарды калыбына келтирип, бардык аэропортторду ишке киргизүүнү көздөп жатабыз», — деген Президент курулушчулар менен жолугушуу учурунда.

Copyright © 2017 Maral FM