Биз менен байланышыңыз

Баткендеги ишкерди ири суммада чыгымга учураткан адам изделүүдө

Кыска кабар | 17 Июн 2023 | 1607 | 0

Баткен шаарындагы темирден ар кандай буюм-тайым жасаган ишкананын кожоюнун алдап кеткен Добурбек Кадыров аттуу адам изделип жатканын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну өзүн алдамчылык жол менен ири суммада чыгымга учураткан адамга чара көрүп берүүнү өтүнүп, облустук милицияга арыз жазган.

Арыздан маалым болгондой, 2022-жылдын сентябрь айындагы тажиктердин куралдуу кол салуусунан кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү учурунда Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 57 үйдүн курулушу менен 1967-жылы туулган Добурбек Кадыров алектенмей болгон.

2023-жылдын январь-февраль айларында жабырлануучудан мурда алыш-бериш кылып жүргөн мамилесинен пайдаланып, «акчасын 26-мартка чейин алып келип берем» деп, жалпы суммасы 1 млн 295 миң 482 сомдук курулуш материалдарын алып кеткен. Андан кийин телефонун өчүрүп, дайынын таптырбай кеткен.

Бул факты боюнча Баткен облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү (алдамчылык) менен иш козгоп, шектүүгө издөө жарыялаган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы айтылган Добурбек Кадыров аттуу жаранды билгендер же көрүп калгандар болсо, (03622) 5-01-24,  (0555) 57-50-70, (0557) 78-62-78 номерлерине чалып, кабарлап коюуну өтүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM