Биз менен байланышыңыз

17-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 16 Июн 2023 | 283 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 17-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 34…39;

Талас өрөөнүңдө түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз  36…38 болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM